• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Ошто биринчи жолу бөбөктөрдүн жарышы болуп өттү

Аймак 0

Бишкек, 02.06.18. /Кабар/. Ош шаарында 1-июнь- Балдарды коргоонун эл аралык күнүнө карата биринчи жолу «Алгачкы ийгилигим» аттуу жөрмөлөгөн бөбөктөрдүн жарышы болуп өттү. Мелдешке жалпысынан 1 жашка чейинки 100дөн ашуун бөбөктөр катышты.

Жыйынтыгында 1-орунду 11 айлык Сатимбаев Алихан утуп алды. Ал эми 2-орунду 10 айлык Ниматиллаева Адиля ээлесе, 3-орунду 10 айлык Соотбекова Аруузат камсыз кылды. Жеңүүчүлөргө Ош шаардык жаштар иштери боюнча комитети тарабынан баалуу белектер, дипломдор берилди. Ошондой эле, 30дан ашуун активдүү катышкан бөбөктөргө Ардак грамоталар жана кызыктыруучу беректер тапшырылды.

Мындан сырткары, иш-чарага келген 500дөн ашуун жаш балдарга акысыз балмуздактар таратылды.

Мелдеш Ош шаарындагы И.Раззаков атындагы сейил бакта өтүп, концерт, оюн-зоок программа менен коштолду.

Пикир

Оставить комментарий