• 86.5
  • 91.43
  • 0.87

Апта: футбол, митингге чыккан цирк кызматкерлери жана орус тилинин макамы

Коом 0

Футбол, Азия Кубогу жана футбол... Бул апта Кыргызстандын футбол курамасынын Азия чемпионатында көрсөткөн оюунун шаңы жана 1/8 финалында жеңилүү ызаасы менен өттү. Балким футболго байланыштуу жаңы сезимдер кыргызстандыктар менен бир жылы бою болоттур. Кантсе да бул жума футбол темасы жана эгерде мындай болсо ... деген сөздөр менен эсте калды.

Футбол, футбол, футбол

Жума башында баары билгендей эле Бириккен Араб Эмираттарында өтүп жаткан Азия Кубогунда чейрек финалга чыгуу үчүн Кыргызстан БАЭнин курамасы менен ойноп, 3:2 эсеби менен утулуп калды.

Талаа ээлери менен ойноо оңой болбой, акырына чейин күрөшүп, оюндун 90+2 минутасында эсепти теңеген биздин футболчулар, кыргызстандыктарга жаңы сезимди, кубанычты тартуулашты. Буга чейин ар кайсы командада жана өлкөлөрдү колдогон мекендештерибиз мунусунда бир команданы колдоп турушту: Кыргызстан, Кыргызстан, Кыргызстан.

"Ак шумкарлар" жан аябай ойногону менен 2:3 эсебинде каршылаштарына утулду. Бирок көпчүлүктүн баамында оюнда калыс атаандаштарга тартып койду.

Оюндун башынын тарта Араб эмиратынын футболчулары кысым көрсөтүп, талаада ээлик кылып атышты. 14-мүнөттө алар эсеп ачып алдыга чыгышты.

Андан 12 мүнөт өтүп Ахлидин Исраиловдун чыгарып берген тобун алган Мирлан Мурзаев коргоочуларды жана дарбазачыны алдап өтүп эсепти теңеди.

Андан кийинки оюн бир ыргакта уланып бирде талаа ээлеринин, бирде биздин дарбазабызда кооптуу учурлар жаралып жатты.

Экинчи таймдын 64-мүнөтүндө Кыргызстандын коргоочуларынын катасынан улам дарбазага гол өткөрдүк. Оюнчуларыбыз канча аракет кылганы менен жол болбой жатты. Оюн да аягына жетип 90 мүнөт бүткөндө калыс 3 мүнөт кошту. Кошулган убакыттын 2 мүнөтүндө Турсанали Рустамов бурчтан чыгарылган топту дарбазага багыттап гол киргизди.

Акыркы мүнөттөрдө кирген гол жөн эле гол болбой команданын соңуна чейин күрөшөм деген деминин, мүнөзүнүн далили экенин айтууга болот.

Экстратаймдын 103 мүнөтүндө Кытайлык калыс талаштүү жерден Араб Эмиратына пенальти берип, эсеп 3:2 айланды. Андан кийинки чабуулдар жыйынтык бербей, оюндун акырындагы сокку дарбазага тийип, эсеп өзгөрүлгөн жок.

Оюндан кийин биздин кураманы өзүнүн күйөрмандарынан тышкары чет элдик күйөрмандар да колдоп жакшы пикирлерин билдирип жатышты. Ак шумкарлардын оюну көптөрдү суктандырганын сездик.

Ал эми көпчүлүктүн пикири боюнча калыссыз пенальтини берген Фу Мин элдин сынына кабылды. Ага карата нааразы ойлор айтылып, социалдык тармактарда отургандар "Фу Мин уят" деген флешмобду да баштап жиберишти.

"Жеңүүчүлөр" кайтып келишти

Жеңбесе да жеңүүчүнүн оюнун көрсөткөн "Ак шумкарлар" 24-январда таңында учуп келишти. Аларды аэропортто күйөрмандары, туугандары, өкмөт өкүлдөрү, журналисттер, коомдук ишмерлер тосуп алышты.

Ошол эл күнү аларды президент Сооронбай Жээнбеков кабыл алып, бир канчасына сыйлык тапшырды. Башкы машыктыруучу Александр Крестинин "Данакер" орденин, Семетей Султанов, футболчулар Азамат Байматов, Валерий Кашуба, Валерий Кичин, Виталий Люкс жана Мирлан Мурзаев "Даңк" медалын алышты. Ошондой эле курама командада мээнет кылып иштеп жаткан башка адамдар да мамлекеттик сыйлыктар менен сыйланып, 25 спортчу президентинин энчилүү сааттарын алышты.

Андан тышкары президент заманбап жаңы стадион куруу боюнча сунуш айтып, өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев да жаңы стадион болорун билдирип, курама командага 2 млн сомдук сертификат берди.

Курама команда менен жолугушууну каалагандар көп болгондуктан Ала-Тоо аянтында күйөрмандар менен жолугушуу уюштурулуп, ага 2 миңден ашык киши келди.

Камила Дүйшөбаеванын ишин иликтөөгө тоскоол болгон адам кармалды

Белгилүү болгондой Камила Дүйшебаева 2014-жылы 10-мартында киши колдуу болуп каза таап, денеси Байтик айылындагы көрүстөндөн табылган. Анын өлүмү боюнча жалпыга маалымдоо каражаттарында аты таанымал бир катар адамдардын катыштыгы бар экенин айтылган. Ошол себептен да бул окуя журналисттердин, коомчулуктун көңүлүн буруп, көптөрдүн бул кылмыш иши ачыларына күмөнү жаралган.

Эмнегедир быйыл бешинчи жыл болуп калганы менен ал иш аягына чыкпай келет. Буга байланыштуу өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев Ички иштер министрлигинин жыйынтыктоочу коллегиясында бул маселеге кызыкты.

ИИМдин Криминалдык милиция кызматынын жетекчиси Нурбек Абдиев суроого жооп берип жатып иликтөөгө тоскоол болгон адам АКШда табылган айтып, ишти ачаарын белгиледи.

"Катардагы өлтүрүү болгон. Бул иш саясатташып кеткенинин өзүнүн себептери бар. Анда айрым чиновниктер массалык маалымат каражаттарында ар кандай билдирүүлөрдү жасап, анын айынан ал саясатташып кетти. Учурда Камила Дүйшөбаеванын өлүмүнүн иликтенишине тоскоол болгон адам Америка Кошмо Штаттарында колго түшүрүлдү. Жакын арада ал Кыргызстанга алынып келет. Бизде топтолгон суроолорду берип, бул ишти ачабыз", - деди Абдиев.

Белгилей кетсек, убагында Мелис Турганбаев ИИМди жетектеп турганда бул иш ачыларын билдирген. Бирок бул иш азыркыга чейин ачылбай келет.

Кыргыз тилинин абалы, орус тилинин макамы

Коомдук ишмер, саясатчы Азимбек Бекназаров президентке, өкмөткө жана парламентке кайрылып, өлкөдө кыргыз тилинин аброюн көтөрүүгө чакырды. Анын айтымында, кыргыз тилинин абалы 2000-жылы Конституцияга расмий тил тууралуу жобо киргизилгенден кийин кыйла начарлап кеткен.

Кайрылууда «мамлекеттик кызматка кирип жаткандардан кыргыз тилин билүү формалдуу эмес, милдеттүү түрдө талап кылынышы зарыл, көрнөк-жарнактар тартипке келтирилип, мамлекеттик тилди билбеген аткаминерлерге айыппул салыш керек» экендиги жазылган.

Буга чейин коомдук-саясий жана мекенчил күчтөрдүн курултайы конституциялык реформа тууралуу мыйзам долбоорун даярдап, бул боюнча быйыл 24-ноябрда референдум өткөрүүнү сунуштаганы айтылган. Анда орус тилинин расмий макамын алуу маселеси дагы бар.

Конституцияга ылайык Кыргызстанда орус тили расмий макамга ээ. Иш кагаздардын көпчүлүгүнүн орус тилинде даярдалганы, шаар жерлеринде тейлөө орусча жүрүп жатканы коомчулук арасында нааразы пикирлерди жаратып келет.

Ал эми депутат Махабат Мавлянова Жогорку Кеӊештин жыйынында кыргыз тилди өнүктүрүү саясатынын алкагында жасала турган иш-чаралардын 30 пайызы да аткарылган жок, деп нааразы болду.

Анын пикиринде, жумушчу топ түзүп, мыйзамдардын аткарылышы жаатында кетирилген кемчиликтердин жөн-жайын талдап чыгып, өз сунуштамаларын бериши зарыл. Кыргыз тилди өнүктүрүү максатында кабыл алынган мыйзамдардын аткарылышына өзгөчө көӊүл бурушу керек.

«Казакстандын тажрыйбасын карагылачы, казактар мамлекеттик тилин жогорку деӊгээлге чыгарып алышты, бул багытта кайра курумдар ишке ашырылып жатат. А, бизде андай жүрүш байкалбайт. Мыйзамга ылайык, мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер мамлекеттик тилди А2 жана Б1 деӊгээлинде билүүгө тийиш. Бул багытта кандай иштер жасалып жатат, анын жайы белгисиз», - деди депутат.

Орус тилинин Конституциядагы расмий макамы тууралуу кеп акыркы учурда көп көтөрүлүп, социалдык тармактарда кызуу талкуулар болуп келет. Айрым кыргызстандыктар орус тилинин макамын алып салыш керек десе, экинчи бөлүгү кала берсин деген пикирде.

Кытайдан келчү инвестициялар кыскарды

Акыркы 2-3 жылдын ичинде Кытайдан келчү инвестициялар эки эсе кыскарды. Эгерде буга чейин 300 млн доллардын тегерегинде каражат келсе, былтыр 100 млн.доллардан араң ашты.

Инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо боюнча агенттиктин директору Адилбек уулу Шумкарбек Бишкекте өткөн пресс-конференцияда буга бир нече себептер болушу мүмкүн деди. Анын пикиринде, келген инвестициялар азайышына жергиликтүү элдин чет элдик инвесторлор менен тил табыша албагандыгы, Кытайдын финансылык рыногундагы саясатына көзөмөлдү катуулатканынын улам келген инвесторлордун саны кыскарды.

Ошондой эле Кытай грант катары берет деген 100 млн. доллар келбей калган. Экономика министрлигинин маалыматы боюнча, 2018-жылы Кыргызстанга келген түз инвестициялардын көлөмү 31% кыскарды. Башкача айтканда, мурдагы жылы 503 миллион доллар инвестиция катары келген болсо, былтыр болгону 345 миллион долларды түздү.

Циркке жаңы жетекчи келди

Бул аптада Мамлекеттик цирктин жетекчилик кызматына Фархад Бекманбетов дайындалды. Аны дайындоо буйругуна Маданият министри Азамат Жаманкулов кол койду.

Цирктин мурдагы жетекчиси Курмангазы Исанаев өткөн жылдын 20-декабрында кызматынан бошотулгандан кийин бош калган орунга бир нече талапкер пайда болгон. Алардын ичинде Аида Акматова, Фархад Бекманбетов, Зарылбек Молдобакиров бар эле.

Бир айдан бери жетекчинин дайындалбай жатканына коомчулук анын ичинде цирктин кызматкерлери да нааразы болуп жатышкан. Ал турсун цирктин жамааты эки-үч топко да бөлүнүп кеткен. Алардын ар биринин сунуштаган талапкери да болгон.

Алардын бир тобу "Ак үйдүн" алдында митинг өткөрүп, алар сунуштаган адамды жетекчиликке коюу талабын коюшса, башкасы маалымат жыйынын өткөрүшүп өз ойлорун ортого салышты.

Жетекчи дайындалгандан кийин эле социалдык тармактарда министрдин үнүнө окшош адамдын цирктин жетекчисин дайындоо боюнча сүйлөшүп жаткан аудио тарап, ал боюнча Маданият министри видео кайрылуу жасап чыкты. Кайрылууда министр ага карата кара пиар жүрүп жатканын билдирген. Анын айтымында жетекчинин дайындоо алдында ага талапкерлердин бирин колдогон адамдар келип алардын сунуштаган адамды дайындабаса ал менен маалыматтык согуш башталарын айтышкан.

Министр социалдык тармактардагы аудиодогу сөздөрдү төгүндөп, ал анын дарегине жасалган жалган жабуу экенин ырастаган.

Эске сала кетсек, Фархад Бекмамбетов коомдук “Айтыш” фондунун директору, КТРКнын байкоочу кеңешинин төрагасы, Маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары кызматтарын ээлеп келген.

Андан тышкары ал 30дан ашуун кыска метраждуу кинотасмалардын, 4 анимациялык жана 5 толук метраждуу кинотасмалардын продюсери.

Пикир

Оставить комментарий