• 87
  • 90.43
  • 0.88

Апта: Жээнбековдун сапары, "Росинбанк" жана Айтматовдун стеласы

Коом 0

Бул апта да жаңылыктарга мол болду: президент Сооронбай Жээнбековдун Германияга сапары, Улуттук банктын төрагасынын "Росинбанк" ААКсы боюнча билдирүүсү ж.б. Бул жаңылыктар менен алдыда кенен тааныша аласыздар.

Жээнбековдун Германияга сапары

Бул аптада президент Сооронбай Жээнбеков Германияга расмий сапар менен барды. Анын алкагында президент Германия президенти Франк-Вальтер Штайнмайер жана канцлер Ангела Меркель менен жолугушту.

Ангела Меркель өз сөзүндө Кыргызстандын демократия жолу менен бара жатканын айтып, бул багытта жана башка чөйрөлөрдө кызматташтык улана турганын белгиледи.

"Мен сиздердин агрардык сектордогу кооперативдерди өнүктүрүүнү колдоо боюнча өтүнүчүңүздөр тууралуу маалыматым бар. Биз, бул чөйрөдө кызматташа алабыз, фитосанитария, азык-түлүк коопсуздугун жана айыл чарба азык-түлүктөрүнүн сапатын камсыз кылуу жана жашыл технологиялар багыты боюнча консультацияларды берүүгө даярбыз", - деди ал.

Ал эми, президент Сооронбай Жээнбеков Германияга расмий сапарга келүүгө чакырганы үчүн ыраазычылык билдирип, Германия Кыргызстандын Европадагы негизги өнөктөшү экенин белгиледи.

Ал, расмий сапардын алкагында эки күндүн ичинде болгон жолугушуулар менен иш-чаралар, Кыргызстанда болуп жаткан өзгөрүүлөр жөнүндө сөз кылды.

"Өлкөдө парламенттик демократияны орнотуу процесси жигердүү уланууда. Сот жана укук коргоо системаларын реформалоо жүрүп жатат, бул органдардын ишине ачык-айкындуулук принциптери киргизилүүдө. Кыргызстан демократиялуу жана укуктук мамлекет катары ишенимдүү алга кадам таштоодо", - деди мамлекет башчы.

Ал, акыркы жылдары жогорку жана эң жогорку деңгээлдердеги байланыштар активдешкени байкалганын, ошондой эле кыргыз-герман парламенттер аралык кызматташтыкты арттыруу маанилүү экенин баса белгилеген.

Бул сапардын алкагында жалпы 1 млрд. евролук контрактка кол коюлган.

Сууга чөккөн беш жашар бала

Көпчүлүккө белгилүү болгондой, өткөн аптада, 11-апрель күнү Аламүдүн районунун Константиновка айылында 5 жашар бала Ат-Башы каналына чөгүп кеткен. Аны издөө иштерине 100дөн ашык куткаруучулар, ошондой эле Казакстандын Жамбыл облустук Өзгөчө кырдаалдар департаментинен 4 суучул тартылган

Издөө иштери сегиз күнгө созулуп, 19-апрель күнү ал баланын денеси табылды. Баланын денеси Чүй дарыясынын Бирлик менен Гроздь айылдарынын ортосундагы тилкесинде табылган.

Чыңгыз Айтматовдун стеласы ачылды

Жума, 19-апрель күнү Бишкекте россиялык скульптор Иван Дубровин белек кылган кыргыздын залкар жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун элеси түшүрүлгөн стеланын ачылышы болуп өттү. Ал стела Ч. Айтматов атындагы орус драма театрынын алдында орун алды.

Айта кетсек, алгач бул стела Татарстанда орнотулмак, бирок кийинчерээк Бишкекке орнотуу чечими кабыл алынган.

Стела Екатеринбургдагы "Иван Дубровин" цехинде колодон жасалган.

Белгилей кетсек, 2018-жылы аталган цехте жазуучунун "Кош, Гүлсарат" повести боюнча скульптура жасалып, Кыргызстанга белекке берилген. Ал Чолпон-Ата шаарындагы ат майданынын алдында орнотулган.

"Росинбанк" адистештирилген банк болот

"Росинбанк" ААКсы адистештирилген банк болуп, анын негизги багыты инфраструктураны, байланыш жана турак-жай курулушун насыялоо болот. Муну билдирген Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгуловдун айтымында, учурда Кыргызстанда бул багытта адистешип иш алып барган банк жок.

Анын айтымында, ал үчүн "Росинбанктын" уставдык капиталы кошумча 3 млрд. сомго көбөйтүлөт.

"Мындай чечим Улуттук банк тарабынан, банктын ишмердигин чыңдоонун алкагында кабыл алынган. Капиталдаштыруу жасалгандан кийин Улуттук банктын "Росинбанктагы” үлүшү 95%ды түзөт. Бул иш-чара менен "Росинбанкты" калыбына келтирүү процесси аягына чыгат. Банктын ишмердигин адистештирүү калктын банктык жана каржылык кызмат алуусунун жеткиликтүүлүгүн арттырат", - деди ал.

Ал белгилегендей, банк "Мамлекеттик ипотекалык компаниясынын” ипотекалык продукттарына жакын шарттарда 1 млрд. сомдон ашык каражатты аймактарда ипотекалык насыяларды берүүгө жумшай турганы каралууда.

Абдыгулов, Улуттук банк тыкыр изилдөө жүргүзүп, Кыргызстанда курулуш, инфраструктура жана ипотекалык секторлор боюнча адистештирилген коммерциялык банк жок экендигине токтолгонун белгиледи.

"Адистештирилген банктын негизги максаты – атайын бир чөйрө боюнча адистердин болушу жана тиешелүү процедураларды аткаруу. Курулуш чөйрөсү учурда жакшы өнүгүүдө, бирок ал чөйрөдө атайын иш алып барган банк жок", - деди ал.

Нотр-Дам чиркөөсүндөгү ири өрт

Бир жылда миллионго жакын турист барчу Париждеги белгилүү Нотр-Дам чиркөөсүндө 16-апрелге караган түнү өрт болду. Анын айынан сегиз кылымдык тарыхы бар чиркөөнүн чатырындагы жыгач конструкциялары күйүп кеткен.

Кырсыкка эмне себеп болгону тууралуу азырынча так маалымат бериле элек. Бирок, белгилүү болгондой ал жакта реконструкция иштери жүрүп жаткан. Бактыга жараша, кырсыктан эч ким жабыркаган эмес.

Бул окуяга байланыштуу дүйнө саясатчылары жана католик чиркөөлөрүнүн лидерлери Нотр-Дам чиркөөсүндөгү ири өрткө байланыштуу париждиктерге көңүл айтышып, тилектештигин билдиришкен.

Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков да Нотр-Дам чиркөөсүндөгү өрт кырсыгына байланыштуу Франциянын президенти Эммануэль Макронго көңүл айткан.

"Париждеги Нотр-Дам чиркөөсүндөгү өрт кырсыгы жөнүндө кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым. Нотр-Дам — дүйнөлүк маданий мураска айланган ыйык чиркөө. Кыргыз Республикасынын элинин жана жеке өзүмдүн атымдан, Париж жана Франция туш болгон эбегейсиз чоң жоготууга байланыштуу жалпы француз элине терең кайгыруу менен көңүл айтуумду жеткирип коюуну өтүнөм", — деп айтылат көңүл айтуу телеграммасында.

Окуя болгон жерге өлкө президенти Эммануэль Макрон барып, чиркөө "ар бирибиздин бир бөлүкчөбүз болуп калган" деп айткан. Ал имаратты калыбына келтирүүгө каражат чогултуу боюнча эл аралык өнөктүк башталарын билдирген.

Пикир

Оставить комментарий