• 88.26
  • 95.98
  • 0.97

Мамкурулуш Ысык-Көл районунда 146 мыйзамсыз курулушту аныктады

Коом 0

Бишкек, 20.05.23./Кабар/. Ысык-Көл районунда 146 мыйзамсыз эс алуучу жайлар аныкталды, материалдар сот органдарына өткөрүлөт. Бул тууралуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, агенттик КР президенттинин “Ысык-Көлдүн экологиясын сактоо боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө” жарлыгын аткаруу максатында облустагы эс алуучу жайларды, пансионаттарды курулуш ченемдерди жана архитектура жана шаар куруу мыйзамдарынын сакталышынн инвентаризацияны жана саркындуу сууларды тазалоочу курулмаларын мониторингдөө процессин аяктады.

Белгиленгендей, жогоруда аталган процесстер Мамкурулуштун ведомстволор аралык комиссиясы тарабынан жүргүзүлдү.

Комиссиянын ишинин жыйынтыгы боюнча Ысык-Көл районунун аймагында бардыгы болуп 146 объект аныкталды, анда шаар куруу жана архитектура жаатындагы мыйзам бузуулар катталган. Ошондой эле КР Жарандык Кодексинин 254-беренесинин биринчи бөлүгүнүн негизинде, Мамкурулуштун облустук архитектура-курулуш контролдоо башкармалыгы тарабынан 146-объект боюнча материалдар сот жана укук коргоо органдарына жөнөтүлөт.

Пикир

Оставить комментарий