• 88.2
  • 95.91
  • 0.97

Ар бир туристтин Кыргызстан тууралуу таасири чек арадан башталат — Марипов

Өкмөт 0

Бишкек, 02.04.21. /Кабар/. Ар бир туристтин Кыргызстан тууралуу таасири чек арадагы көрсөтүлгөн мамиледен башталат. Бул тууралуу “Ак-Жол” көзөмөл-өткөрүү бекетинин ачылышында премьер-министр Улукбек Марипов билдирди.

Марипов бүгүн “Ак-Жол” менен “Кордай” бекеттери ачылып жаткандыгы өзгөчө күн экендигин айтты.

“Бекеттер заманбап жабдыктар менен жабдылган”, - дейт ал.

Премьер-министр белгилегендей, ар бир чек ара кызматкери мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн иштеши керек.

“Президенттин демилгеси жана өкмөттүн токтому менен чек ара кызматы УКМКнын карамагына өттү. Сиздердин алдыңыздарга коюлган жоопкерчилик жогору. Бекеттен өткөн ар бир жаранга урмат-сый менен мамиле кылууңуздар керек”, - деп айтты Марипов.

Пикир

Оставить комментарий