• 88.39
  • 94.96
  • 0.97

Ысык-Көлдө Махмуд Кашгари атындагы маданий борбор куруу маселеси талкууланды

Маданият 0

Бишкек, 02.04.21. /Кабар/. Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Кайрат Иманалиев Түркиянын кызматташтык жана координация агенттигинин (ТИКА) Кыргыз Республикасындагы программасынын координатору Осман Уста менен жолугушту. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, министр Түркия менен Кыргызстандын ортосунда илгертен бери жылуу жана бир туугандык мамилелер бекемделгенин, анын аркасында маданият жаатында маанилүү долбоорлор ишке ашырылып жаткандыгын белгиледи.

Тактап айтканда, министр Осман Устанын Т.Океев атындагы Улуттук "Кыргызфильм" киностудиясына келип, ТИКАнын колдоосу менен архивдик тасмаларды санарипке өткөрүү боюнча иш-чаралар пландаштырылгандыгын ыраазычылык менен белгиледи.

Өз кезегинде Осман Уста министрге жылуу кабыл алгандыгы үчүн ыраазычылыгын билдирип, жаңы кызматка дайындалышы менен куттуктады.

Ошондой эле маданий кызматташтыкты өнүктүрүүнүн келечегин, тактап айтканда, улуу түрколог туулган Ысык-Көл облусунун түштүк жээгине Махмуд Кашгари атындагы билим берүү жана маданий борборун куруу маселесин талкуулашты.

Анда дүйнөлүк стандарттарга жооп берген заманбап борбордун курулушу жана ачылышы калктын билимине жана маданиятына өбөлгө болору айтылды.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар белгиленген долбоорлорду андан ары иштеп чыгууга даяр экендиктерин билдиришти.

Пикир

Оставить комментарий