Ишеналы Арабаев атындагы КМУда Эгемберди Маанаевдин музей-кабинети ачылды

Коом 0

Бишкек, 15.05.24. /Кабар/. Бүгүн Ишеналы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин Тарых жана социалдык-укуктук билим берүү институтунда тарых илимдеринин доктору, профессор Эгемберди Маанаевге арналган музей-кабинет ачылды.

Окуу жайдан билдиришкендей, музей-кабинетке Эгемберди Маанаевдин ата-энеси, балалыгы, жаштыгы, партиялык ишмердиги, Ишеналы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетиндеги жана тарыхтагы ишмердиги боюнча фотодокументалдык жана буюм түрүндөгү материалдар коюлду. Ошондой эле Манааевдин өздүк китепканасы, монографиялары, диссертациялары, медаль, ордендери толугу менен музейге коюлду.

Музей-кабинеттин ачылышына Ишеналы Арабаев атындагы КМУнун ректору Айгүл Абдраева, окуу жайдын проректору Талантбек Курманбек уулу, Тарых жана социалдык-укуктук билим берүү институтунун директору Чолпон Койчуманова, академик Сырбай Мусаев, бир катар тарыхчылар, Эгемберди Маанаевдин балдары, неберелери катышты.

Айгүл Абдраева иш-чарада сөз сүйлөп, Эгемберди Маанаевдин ишмердигин, илимге арнаган өмүрүн айтып, өмүрүнүн аягына чейин ректордун кеңешчиси катары иштегендигин жана калыстык сапаттарын белгиледи.

Белгилей кетсек, музей-кабинетти жасалгалоого жана түзүүгө үй-бүлөсү, балдары жана неберелери көмөк көрсөттү.

Пикир

Оставить комментарий