• 87
  • 90.41
  • 0.84

Аралыктан добуш берүү үчүн 9 миңден ашык адам каттоодон өттү – БШК

Коом 0

Бишкек, 11.11.24. /Акназик Тургунбаева - Кабар/. Аралыктан добуш берүү үчүн 9050 адам каттоодон өттү. Бул тууралуу "Биринчи радионун" түз эфиринде Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Узарбек Жылкыбаев билдирди.

Анын айтымында, Кыргызстанда биринчи жолу аралыктан добуш берүү ыкмасы кирип, добуш берүүгө арыздарды кабыл алуу үчүн 27 пункт ачылган.

"Негизинен аралыктан добуш берүү мүмкүнчүлүгү 1-ноябрга чейин болчу, биз аны 6-ноябрга чейин узарканбыз. Катталуу жыйынтыкталды. Бүгүнкү күндө аралыктан добуш берүү үчүн 9050 адам каттоодон өттү. Дээрлик көпчүлүгү Бишкек шаарындагы жарандар болду. Алар региондордон келип Бишкекте убактылуу жашаган жарандарыбыз. Көбүнчөсү студенттер, мамлекеттик кызматкерлер", - деди ал.

Белгилей кетсек, быйыл 17-ноябрдагы жергиликтүү кеңештерге мөөнөтүнөн мурда шайлоодо биринчи жолу аралыктан добуш берүү ыкмасы колдонулууда. 17-ноябрда шайлоочу өзүнүн туруктуу каттоосу бар жерде добуш берүүгө катыша албаса, анда 1-ноябрга чейин арыз тапшырып, аралыктан добуш берүү участкасына жазылууга мүмкүнчүлүк берилген.

Пикир

Оставить комментарий