• 87.45
  • 90.16
  • 0.85

Араван районунун борбордук базарында өрт коопсуздугу боюнча машыгуу өттү

Коом 0

Бишкек, 19.11.24. /Кабар/. Бүгүн, 19-ноябрда Ош облусунун Араван районунун борбордук базарында өзгөчө кырдаалдар бөлүмү тарабынан пландан тышкары атайын өрт-тактикалык машыгуу өттү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Машыгуу учурунда өрт өчүрүүчү унааларга мыйзамсыз орнотулган соода түйүндөрүнүн конструкциялары тоскоол болгону белгиленди.

Машыгуунун соңунда, соодагерлерге түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, күз-кыш мезгилинде өрт коопсуздук эрежелери боюнча сунуш баракчалар таркатылды. Базар жетекчилигине өрт өчүрүүчү автоунаалар өтүүчү жолдорду ачуу талабы коюлду, - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий