Бишкек, 04.03.19 /Кабар/. Араван районунда "Кыргызстан" банкынын банкоматынан 900 миң сомду уурдап кеткендер изделип жатат. Бул тууралуу Ош облустук милиция кабарлады.
Маалыматка ылайык, окуя 10-февралга караган түнү болгон. Кылмышкерлер банкоматты талкалап, акчаны чыгарып кеткен.
Милиция бир айдан бери кылмышка шектүүлөрдү издөөдө.
Пикир
Оставить комментарий