Бишкек, 06.12.24. /Кабар/. Армениянын премьер-министри Никол Пашинян бүгүн, 6-декабрда, Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровду туулган күнү менен куттуктады.
“Сиздин мамлекеттик иш тажрыйбаңыз Кыргызстандын турмушундагы маанилүү өзгөрүүлөрдү ишке ашыруу жана өлкөнүн эл аралык аренадагы аброюн бекемдөө кызыкчылыктарына мындан ары да кызмат кыла берет деп ишенем.
Жогорку деңгээлдеги активдүү диалог, парламенттердин жана экономикалык кызматташтык боюнча өкмөттөр аралык комиссиянын линиясы боюнча биргелешкен ырааттуу иш, маданий-гуманитардык байланыштарды интенсификациялоо Армения менен Кыргызстандын мамилелеринин потенциалын ишке ашырууда жаңы горизонтторду ачаары шексиз. Бул биздин элдердин достугун бекемдөө кызыкчылыктарынан, региондук туруктуулукка жана коопсуздукка өз ара кызыкдарлыктан келип чыгат.
Сизге чың ден соолук жана дос Кыргызстан элинин гүлдөп-өнүгүшү жана бакубат жашоосу үчүн жаңы ийгиликтерди каалайм”, - деп айтылат куттуктоо телеграммасында.
Пикир
Оставить комментарий