• 86.5
  • 91.18
  • 0.86

Арзыбек Кожошев: Биринчи жолу тарыхта бюджеттин планы 31 млрд сомго ашыгы менен аткарылды

Экономика 0

Бишкек, 10.02.22. /Кабар/. Биринчи жолу тарыхта бюджеттин планы 31 млрд сомго ашыгы менен аткарылды. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлигинин коллегиясынын жүрүшүндө КР министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Арзыбек Кожошев билдирди.

Анын айтымында, 2021-жылдын 13-октябрында жаңы министрлер кабинети шайланып жатканда консолидацияланган бюджетти 280 миллиард сомго аткарабыз деген убада болгон. "Бирок тарыхта биринчи жолу секирик жасап, бюджетти 31 млрд сомго ашыгы менен аткардык. Бул деген консолидацияланган бюджетти 31 млрд сомго ашыгы менен аткардык дегендик. Мындай ийгиликке биз салык жана бажы кызматтарын автоматташтыруу жана санариптештирүүнүн эсебинен жетише алдык", - деди ал.

Ошондой эле А.Кожошев биринчи жолу 1,5 млн доза вакцина бюджеттин каражатына сатылып алынып, элге бекер таратылганын белгиледи.

"2021-жылы тыштан карыз алынган жок. Мындан тышкары, 30 жылдык тарыхта биринчи жолу өз каражатыбызга аскердик техника сатып алдык. 2026-жылга чейин 5 жылдык Улуттук программабыз бекитилди. Саясий жылдар артта калды. Эми алдыбызда экономиканы көтөрүү милдети турат. Ал үчүн 3 принципти сактообуз зарыл: бул - мамлекеттин бүтүндүгү, элдин биримдиги, салык төлөө. Ушул принциптерди колдонсок, ишибиз илгери жылат", - деп ал коллегиянын катышуучуларын жапа тырмак иштешүүгө чакырды.

Пикир

Оставить комментарий