Арзыбек Кожошев тоо-кен өндүрүү өнөр жай тармагындагы товар өндүрүүчүлөрдүн бизнес-форумуна катышты

Өкмөт 0

Бишкек, 29.10.21. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Арзыбек Кожошев тоо-кен өндүрүү өнөр жай тармагындагы товар өндүрүүчүлөр жана кызмат көрсөтүүчүлөрдүн II бизнес-форумунун ишине катышты. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирет.

Кожошев белгилегендей, Кыргыз Республикасындагы атаандаштыкка жөндөмдүү өндүрүштү өнүктүрүү үчүн заманбап технологияларды жана жаңы сапат стандарттарын ишке киргизүү зарыл, мында эл аралык деңгээлге жооп берген башкаруу ыкмаларын пайдалануу өзгөчө мааниге ээ.

Аталган аянтча жеткирүүчүлөр жана өндүрүүчүлөр, анын ичинде ири аймактык жана глобалдык компаниялар ортосундагы диалог жүргүзүү, натыйжалуу өз ара аракеттенүүнү жайгаруу үчүн мыкты мүмкүнчүлүк болуусу тийиш», - деп белгиледи Арзыбек Кожошев.

Ал кошумчалагандай, буга дейре Кыргыз Республикасынын президенти тарабынан тоо-кен өнөр жайын өнүктүрүүгө жана реформалоого багытталган жарлыкка кол коюлган, ошондой эле Тоо кодексинин долбоору иштелип чыгууда, ал эми тоо-кен өнөр жай тармагын өнүктүрүү министрлер кабинетинин ишиндеги артыкчылыктуу багыттардын бири болуп саналат.

Пикир

Оставить комментарий