Асеин Исаев БУУнун Терроризмге каршы башкармалыгынын башчысы менен жолугушту

Саясат 0

Бишкек, 11.05.24. /Кабар/. Кыргызстандын тышкы иштер министринин биринчи орун басары Асеин Исаев БУУнун Терроризмге каршы башкармалыгынын башчысы Владимир Воронков менен жолугушту.

ТИМден билдиришкендей жолугушуу Асеин Исаевдин БУУнун Нью-Йорк шаарындагы штаб-квартирасына болгон жумушчу сапарынын алкагында өттү.

Жолугушуунун жүрүшүндө Асеин Исаев терроризмге каршы күрөшүү жана экстремизмди алдын алуу боюнча эл аралык жана аймактык кызматташтыкты өнүктүрүүгө багытталган БУУнун Терроризмге каршы башкармалыгынын ишмердүүлүгүн Кыргызстан колдой турганын билдирди.

Кыргызстандын делегациясынын башчысы өлкөнүн Башкармалык менен болгон долбоордук жана программалык кызматташуусун мындан ары чыңдоого даярдыгын жана кызыкдар экендигин баса белгиледи.

Буга байланыштуу жолугушууда тараптар БУУнун Терроризмге каршы башкармалыгынын башчысы Владимир Воронковдун алдыдагы Кыргызстанга боло турган иш сапарынын мазмундук бөлүгүн талкуулашты.

Пикир

Оставить комментарий