• 84.7
  • 93.39
  • 0.89

Асеин Исаев Япония ТИМинин өкүлү менен кызматташтыкты талкуулады

Саясат 0

Бишкек, 03.10.24. /Кабар/. Бүгүн тышкы иштер министринин биринчи орун басары Асеин Исаев Япониянын Тышкы иштер министрлигинин Борбор Азия өлкөлөрү боюнча жаңы дайындалган атайын өкүлү Масаки Исикава менен жолукту.

Ведомстводон маалымдашкандай, тараптар президент Садыр Жапаровдун Японияга болгон иш сапары учурунда жетишилген макулдашууларды ишке ашыруунун жүрүшүн талкуулашып, ошондой эле актуалдуу маселелер боюнча эки тараптуу кызматташуунун келечеги боюнча пикир алмашышты.

Жолугушуунун жүрүшүндө эки тарапты кызыктырган актуалдуу аймактык жана эл аралык маселелер боюнча пикир алмашуу болду.

Тараптар ошондой эле "Борбор Азия + Япония" диалогунун алкагында жогорку деңгээлдеги иш-чараларды өткөрүү маселелерин талкуулашты.

Пикир

Оставить комментарий