• 87.6
  • 93.91
  • 0.99

Аскат Алагөзов: "Кыргызнефтегазга" акча салууга чакырган жасалма видео-жарнамалар тарап жатат

Коом 0

Бишкек, 17.05.24. /Мээрим Дүйшөналиева - Кабар/. Социалдык тармактарда белгилүү уюмдарга, тактап айтканда "Кыргызнефтегазга" акча салууга чакырган жасалма видео-жарнамалар тарап жатат. Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов соцтармактагы баракчасы аркылуу билдирди.

Анын айтымында, шылуундар өлкөнүн биринчи адамдарынын сөздөрүн окшотуп, жасалма интеллекттин жардамы менен эриндерин жана үнүн синхрондоштуруп, элди ишендире тургандай видеолорду жасашууда.

“Жасалма чат-боттор да түзүлүп, белгилүү маалымат агенттиктеринин жаңылыктарынын жасалма “скриншотторуна” шилтемелер кетүүдө. Бир караганда бул видеолор чын сыяктуу көрүнөт. Бирок биз бул жасалма экенин баса белгилейбиз. Өлкө жетекчилигинин атын жамынып, үн жана видеолорду бурмалаган шылуундардын айла-амалдарына алданбаңыздар”, - деген ал жарандарды сак болуп, маалыматты расмий булактардан текшерүүгө чакырды.

Пикир

Оставить комментарий