Аскер комиссариатынын кызматкери пара алып жаткан жеринен кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 05.07.24. /Кабар/. Аскер комиссариатынын кызматкери пара алып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Аскер прокуратурасы тарабынан Ички иштер министрлигинин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын кызматкерлеринин ыкчам коштоосунда козголгон кылмыш ишинин алкагында альтернативдик кызматты өтөө жана аскердик билетти берүү үчүн пара түрүндө талап кылынган 30 миң сомдун 7 миң сомун алып жаткан жеринен Биринчи май районунун аскер комиссариатынын 2-бөлүмүнүн башчысы У. Б. кармалды.

Шектүү У.Б. КР Жаза-процессуалдык кодексинин 96-97-беренелеринин негизинде Бишкек гарнизонунун гауптвахтасына киргизилди.

Учурда тийиштүү тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий