• 88.2
  • 95.91
  • 0.97

ИИМ: Москвада мекендештерин карактаган кыргызстандыктар кармалды

Укук тартиби 0


Бишкек, 20.03.24. /Кабар/. Москвада мекендештерине каракчылык менен Кыргызстандын жарандарынын тобу кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, КР ИИМдин Россиядагы өкүлчүлүгүнө мекендештерине кол салгандардын кылмыштуу аракеттеринен жапа чеккен 1998-жылы жана 2000-жылы туулган кыргызстандык кыздардан кайрылуу түшкөн. Жабырлануучулардын айтымында, түнкү убакта белгисиз 3 адам турак жайга кирип келип, каракчылык менен кол салып, курал катары бычакты колдонушуп, зомбулук көрсөтүү менен мүлкүн ээлеп алышкан. Кол салгандар эки кыздын кымбат баалуу телефондорун, акчаларын, зер буюмдарын алып кетишкен. Белгисиз адамдар өз аракеттери менен жабырлануучуларга олуттуу материалдык зыян келтиришкен. Алардын арызы Москва шаары боюнча полиция бөлүмүндө катталган.

РФ ИИМинин тергөө бөлүмү тарабынан чогултулган материалдардын негизинде Кылмыш-жаза кодексинин "Каракчылык" беренеси боюнча кылмыш иши козголгон.

Кылмыштын бетин ачууга багытталган ыкчам-издөө иш-чараларын жүргүзүшүндө жогорудагы каракчылыкка шектүү катары үч жаран кармалган. Кармалгандардын баары КР жарандары. Алар: 2003-жылы Баткен облусуда туулган Р. Р., 1996-жылы Ош облусунун Кара-Кулжа районунда туулган К. Н., 1996-жылы Ош облусунун Кара-Суу районунда туулган Ж. Б. Үчөө тең Россияга иштегени келишкен, учурда Москвада жашашат.

Козголгон кылмыш иши боюнча зарыл болгон тергөө-ыкчам иш-чаралар жүргүзүлүп, алардын башка дагы оор жана өзгөчө оор кылмыштарга тиешеси бар, же жоктугу текшерилип жатат.

ККР ИИМдин Россиядагы өкүлчүлүгү кыргызстандыктардын кылмыштарды жана укук бузууларды жасоолоруна жол бербөө максатында алдын алуу иш-чараларын жүргүзүүнү улантууда.

Пикир

Оставить комментарий