• 84.36
  • 93.89
  • 0.92

Быйыл Аскер лицейи 120дан ашуун тарбиялануучуну кабыл алууга даяр

Билим 0

Бишкек, 30.07.24. /Кабар/. 29-июлдан Дайыр Асанов атындагы Кыргыз улуттук аскер лицейине кабыл алуу иш-чаралары башталды. Бул тууралуу Коргоо министрлиги билдирет.

Маалыматка ылайык, билим берүү мекемелеринен 9-классты бүтүргөн, медициналык кароодон өткөн кандидаттар дене-тарбиялык даярдыгы жана жалпы билим берүү сабактары боюнча сынактарды тапшырышат.

Бул жылы аскер лицейи 120 ашык тарбиялануучуларды кабыл алууга даяр.

Кабыл алуу иш-чараларынын алкагында кандидаттардын ата -энелери менен аскер лицейинин жетечилиги жолугушуп, түшүндүрүү иштерин улантууда.

Пикир

Оставить комментарий