• 88.36
  • 95.26
  • 0.96

Бала бакчаларда электрондук кезекке туруу системасы аймактарда да иштөөдө – Билим берүү министрлиги

Билим 0


Бишкек, 18.02.20. /Кабар/. Мектепке чейинки билим берүү мекемелеринде электрондук кезекке туруу системасы аймактарда да иштөөдө. Бул тууралуу "Кабар" агенттигиндеги маалымат жыйында билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекова билдирди.

Анын айтымында, электрондук кезекке туруу Бишкекте башталып, аймактарга өткөн.

"Электрондук кезекке туруу Бишкектен сырткары, Ош, Каракол, Балыкчы, Токмок, Нарын, Жалал-Абад, Баткен, Кызыл-Кыя, Майлы-Суу, Сүлүктү жана Ысык-Ата райондорунда иштеп жатат. Ошондой эле социалдык кызматкерлер мамлекеттик бала бакчаларга гана эмес жеке менчик мекемелерге да балдарын бере башташты. Анда мамлекет 50%ын төлөп берет. Быйыл Каракол, Балыкчы, Токмок, Талас, Жалал-Абад, Ош, Баткенде шаарларында да иштей баштады", - дейт ал.

Жусупбекова белгилегендей, балдарды багуу жана мектепке чейинки билим берүү мамлекеттик стандарттары кайрадан иштелип чыкты.

"Убакыт өткөн сайын ата-эне жана ошол балдар да өзгөрүүдө. Мындан улам биз ал стандарттарды өзгөрттүк. Адистер менен бирге карап чыгып, бир катар жерлери учур талабына ылайык өзгөртүлдү. Азыр бекитүү процессинде турабыз", - деди министрдин орун басары.

Ал эми Билим берүү министринин өкүлү Бакыт Бекташевдин айтымында, Бишкек менен Ошто электрондук кезекке туруу бала бакчаларда толук киргизилген.

"Бишкекте 86, Ошто 42 бала бакча бар. Алардын баары электрондук кезекке киргизилген. Электрондук кезек менен жалпысынан алганда 50 миңдей бала бала бакчаларга кабыл алынган. Ошондой эле бул система Каракол, Чолпон-Ата, Балыкчы, Жалал-Абад, Кызыл-Кыя, Сүлүктү, Токмок шаарында киргизилүүдө", - деп белгиледи Бекташев.

Пикир

Оставить комментарий