• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Быйыл маданият тармагындагы окуу жайларга тапшыруу онлайн режиминде өткөрүлөт - Жаманкулов

Билим 0

Бишкек, 16.07.20. /Адил Төлөгөнов – Кабар/. Быйыл маданият тармагындагы окуу жайларга тапшыруу онлайн режиминде өткөрүлөт. Бул тууралуу маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов брифингде билдирди.

Анын айтымында, бул күнгө чейин өлкө боюнча окутуу аралыктан жүргүзүлдү.

“Сентябрь айларында абал кандай болору белгисиз. Республикалык штабдын чечими чыкмайынча маданият тармагындагы окуу жайларга кабыл алуу жана окутуу онлайн режиминде жүрөт. Маданият тармагындагы мектептерге абитуриенттерди кабыл алуу кыйла оор болууда. Анткени пианино, хореография жана башкалар боюнча атайын залдарга өткөрүлүшү керек эле. Бирок абал турукташканга чейин онлайн режиминде өтөт”, - дейт ал.

Пикир

Оставить комментарий