• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Каныбек Иманалиев окутуунун британиялык системасына өтүү зарылдыгын билдирди

Билим 0

Бишкек, 27.02.23. /Кабар/. Билим берүү жана илим министринин милдетин аткаруучу Каныбек Иманалиев Жогорку Кеңештин социалдык саясат боюнча комитетинде билим берүүдөгү негизги көйгөлөр тууралуу маалымат берди.

Анын айтуусуна караганда, бүгүнкү күндө Кыргызстандын билим берүү системасынын 60% дүйнөлүк стандарттарга жооп бербейт. "Бул багытта көп өзгөртүүлөрдү жасоо керек. Советтик педагогиканын эң мыкты үлгүлөрүн сактап калуу менен окутуунун британиялык системасына өтүү зарыл", - деди ал.

Иманалиев учурда 600 миң бала балдар бакчасына барбай тургандыгына токтолду. "Кесиптик билим берүүгө 2 млрд сом кетет экен, бирок ага окуучулардын 15% барат. Кыргызстанда 73 ЖОЖ бар, бирок 2030-жылдагы дүйнөдөгү эң керектүү 10 кесип болсо, биздин окуу жайлардын бири да ал кесиптер боюнча кадр даярдап чыгарбайт”, - деди министрдин милдетин аткаруучу.

Өз сөзүндө Иманалиев бюджеттен каражат сурабай туруп, эффект бере турган иш-чараларды аткарууга болорун кошумчалады.

Пикир

Оставить комментарий