• 87.25
  • 89.39
  • 0.86

Asman Airlines май айында ички аба каттамдарын ачат – президент

Президент 0

Бишкек, 11.12.24. / Кабар/. Asman Airlines мамлекеттик авиакомпаниясы 2025-жылдын май айында ички аба каттамдарын ачат. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров бүгүн “Каракол” эл аралык аэропортунун ачылыш аземинде билдирди.

Мамлекет башчысы белгилегендей, “Манас” эл аралык аэропорту алгачкы жолу ички авиаташуулардын муктаждыктарын жабуу үчүн Q-400 учактарын сатып алган. Бүгүнкү күндө “Асман Эйрлайнс” авиакомпаниясы бул учактар менен Жалал-Абад, Баткен, Раззаков, Талас жана Ош шаарларына ички каттамдар аткарылууда. Сатып алынган төрт учактын үчүнчүсү май айында келет.

“Казарман-Бишкек, Нарын-Бишкек, Кербен-Бишкек, Каракол-Ош, Талас-Ош сыяктуу аба каттамдары майдан баштап уча баштайт. Төртүнчү учак келе жаткан жылдын аягында келет. Ошондон кийин өлкө ичиндеги аба каттамдарды толугу менен “Асман Эйрлайнс” мамлекеттик компаниябыз өзү аткара баштайт. Баасы дагы азыркы жеке менчик компаниялардыкына караганда арзан болот”, - деди Садыр Жапаров.

Пикир

Оставить комментарий