• 84.36
  • 93.89
  • 0.92

Asman Airlines мамлекеттик авиакомпаниясы мобилдик тиркемесин ишке киргизди

Коом 0


Бишкек, 22.08.24. /Кабар/. Asman Airlines мамлекеттик авиакомпаниясы мобилдик тиркемесин ишке киргизди. Бул тууралуу президенттик администрациянын маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков социалдык тармактагы баракчасы аркылуу билдирди.

Анын айтымында, авиакомпания жакынкы күндөрү жүргүнчүлөрдү тейлеп баштайт. Буга байланыштуу атайын мобилдик тиркемесин иштеп чыкты, аны жарандар көчүрүп алып, каттамдар жана билеттин баалары тууралуу маалымат алса болот.

"Мамлекеттик “Асман аба жолдору” авиакомпаниясына сатып алынган алгачкы Bombardier Dash 8 Q400 үлгүсүндөгү учак сентябрь айынын башында келет. Экинчи учак ушул жылдын октябрь айында, кийинкиси 2025-жылдын жазында каттамга коюлат", - деди ал.

Белгилей кетсек, авиакомпаниянын тиркемесинде билеттин баалары 2 миң сомдон башталат. Ички каттамдар боюнча учактар Жалал-Абад, Талас, Ош, Бишкек, Раззаков, Казарман, Баткенге учат.

Пикир

Оставить комментарий