• 84.2
  • 93.84
  • 0.91

Асылбек Кожобеков УКМК төрагасынын орун басары болуп дайындалды

Кадр саясаты 0

Бишкек, 27.04.18 /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков кол койгон буйрукка ылайык Кожобеков Асылбек Эсенджанович мурда ээлеген кызматынан бошотулуп, Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Буга чейин Асылбек Кожобеков Кыргыз Республикасынын Президентинин кеңешчиси болуп иштеген.

Пикир

Оставить комментарий