• 88.15
  • 95.79
  • 0.98

Президенттин администрациясынын соттор жана прокуратура органдары менен өз ара аракеттенүү бөлүмүнүн башчысы алмашты

Кадр саясаты 0

Бишкек, 03.06.21. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык, Кыргыз Республикасынын президентинин администрациясынын соттор жана прокуратура органдары менен өз ара аракеттенүү бөлүмүнүн башчысы Базарбеков Замирбек Курамаевич башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу ээлеген кызматынан бошотулду.

Президенттин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, анын ордуна Медербек Сатыев президенттин администрациясынын соттор жана прокуратура органдары менен өз ара аракеттенүү бөлүмүнүн башчысы болуп дайындалды.

Пикир

Оставить комментарий