• 84.28
  • 94.07
  • 0.91

Ат-Башыда 161 гектарга жакын жер мамлекетке кайтарылды

Укук тартиби 0

Бишкек, 10.09.24. /Кабар/. Ат-Башыда 161 гектарга жакын жер мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирет.

Атайын кызматтын маалыматына ылайык, Ат-Башы токой фондусунун аймагында жер тилкесин өз алдынча басып алуу жана имараттарды жана башка курулмаларды мыйзамсыз куруу фактысы боюнча козголгон кылмыш ишин иликтөөнүн жыйынтыгы боюнча болжолдуу наркы 1 млрд 24 млн сомду түзгөн, жалпы аянты 161,82 га жер участогу имараттары жана курулмалары менен кошо мамлекетке кайтарылды.

Ошол эле учурда жер жана суу көзөмөлдөө кызматы тарабынан белгиленген имараттарды жана курулуштарды курууда жер кыртышынын асыл катмарына зыян келтиргендиги үчүн участканын ээси 1 млн 175 миң сом өлчөмүндө айып пул төлөгөн.

Буга чейин УКМК Нарын облусунун Ат-Башы районундагы токой чарбасынын "Чар" участогунан 2007-жылы 160,9 га жерди мыйзамсыз алган облустук администрациянын башчысынын мурдагы орун басары - Нарын облусунун губернатору А.И. кармалганы тууралуу маалымат тараткан.

Ошондой эле анын жанындагы 0,9120 га өлчөмүндөгү жер тилкесин да уруксатсыз ээлеп алуу фактылары аныкталып, анда туризм чөйрөсүндө коммерциялык максатта пайдаланылуучу имараттар жана курулмалар (мейманкана, кафе-бар, ашкана, сауна) эч кандай уруксат берүүчү документтери жок курулгандыгы такталган.

Пикир

Оставить комментарий