• 88.33
  • 95.66
  • 0.97

Жалал-Абаддын тургунун 35 млн сомго алдап кеткен жаран Өзбекстандан кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 10.11.23. /Кабар/. Жалал-Абад облустук милициясы 35 млн сомдон ашуун акчаны алдап кеткен жаранды кармады. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, ушул жылы 6-сентябрда Жалал-Абад шаарынын 29 жаштагы тургуну арыз менен кайрылып, 2022-жылдын июнь айында Ноокен районунун 22 жаштагы Р.С. аттуу тургуну Россиядан жыгач алып келип берем деп 35 млн 158 миң сом акчасын алып, ушул күнгө чейин качып жүргөндүгүн билдирген.

Бул окуя Жалал-Абад ОИИБдин кылмыштардын бирдиктүү ресстрине КР Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси ("Алдамчылык") менен катталып, кылмыш иши козголгон.

Милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иштеринин натыйжасында кылмыш ишине шектүү катары Ноокен районунун тургуну 2001-жылы туулган Р.С. Өзбекстандан кармалып, Жалал-Абад ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Эгерде кылмыш ишине шектелген жарандан жабыр тарткандар болсо Жалал-Абад ОИИБдин нөөмөт бөлүмүнө же 0772 70 90 00 номерине кайрылсаӊыздар болот.

Учурда тергөө амалдары жүрүүдө.

Пикир

Оставить комментарий