• 88.39
  • 94.96
  • 0.97

Кемин райондук билим берүү бөлүмүнүн бухгалтерлери 2,6 млн сомдук чыгымдын ордун толтурду

Укук тартиби 0

Бишкек, 14.03.23. /Кабар/. Кемин райондук билим берүү бөлүмүнүн бухгалтериясынын кызматкерлери 2 млн 600 миң сомдук чыгымдын ордун толтурду. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирет.

Маалыматка ылайык, бухгалтерия кызматкерлери 2016-жылдын орто ченинен бүгүнкү күнгө чейин райондун орто мектептеринин кээ бир мугалимдерине “Бай Түшүм” жана “РСК Банк” банктарынан эсеп ачып, алар аркылуу көрсөткөн кызматтарына акы төлөө деген шылтоо менен бюджеттик каражаттарды чыгарып турган.

Аталган факт боюнча КР Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинин (Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу) негизинде кылмыш иши козголуп, текшерүү иштери дайындалган.

Учурда туруктуу схеманын башка катышуучуларын аныктоого багытталган тергөө-ыкчам иш-чаралары уланууда.

Пикир

Оставить комментарий