• 86.2
  • 92.86
  • 0.9

Ат-Башыда коменданттык сааттын эрежесине баш ийбеген 4 жаран кармалды

Аймак 0

Бишкек, 26.04.20. /Кабар/. Ат-Башыда коменданттык сааттын эрежесине баш ийбеген 4 жаран кармалды. Бул тууралуу Нарын шаарынын жана Ат-Башы районунун коменданты Уланбек Аалиев билдирди.

Анын айтымында, сутка ичинде Нарын облусунда 12 кылмыш иши катталды.

"Коменданттык саатты Ат-Башы районунда 4 жаран бузган. Ал эми Нарын шаарында тартипти бузган учур катталган жок", - дейт ал.

Коронавируска байланыштуу Кыргызстандын Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаары жана Ноокат, Кара-Суу, Сузак райондорунда киргизилген өзгөчө абалдын режими 30-апрелге чейин узартылды. Ошондой эле ал убакытка чейин өзгөчө абал тартиби Нарын шаары жана Ат-Башы районунда киргизилди.

Мындан улам өзгөчө абал киргизилген шаар жана райондордо 21:00-06:00 сааттар арасы коменданттык саат деп белгиленип, ал убакта көчөдө жүрүүгө тыюу салынды. Ал эми саат 06:00дөн 21:00гө чейин жарандар сыртка үч себеп менен чыга алышат: дүкөндөн азык-түлүк, дарыканадан дары-дармек сатып алуу жана ооруканага баруу үчүн. Сыртка чыкканда жарандардын жанында өздүгүн тастыктоочу документи жана маршруттук кагазы болуш керек.

Пикир

Оставить комментарий