• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Ош шаарынын ичиндеги арыктар тазаланат

Аймак 0

Бишкек, 30.03.23. /Кабар/. Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов тиешелүү коммуналдык кызматтардын жетекчилери менен биргеликте шаардын бардык кичи райондорундагы жашылдандыруу жана ирригациялык тармактардын абалы менен таанышты.

Мэр ирригациялык системалардын жана жашыл аянтчалардын абалына өзгөчө көңүл буруп, тиешелүү кызматтарга МАБдар менен биргеликте эки жуманын ичинде ирригациялык тармактарды реконструкциялоо жана зарыл болгон жерлерге арыктарды ачуу боюнча иштерди жүргүзүүнү тапшырды.

“Шаар ичинде дарактар куурап жатат. Бардык райондордун суу кетүүчү арыктары таштандыга, ылайга толуп калган. Анын баарын ачкыла, тазалагыла. Дайыма шаар ичиндеги арыктарда суу агып турсун. Дарактар куурап жатат суу жетпей. Чакалап суу ташып дарактарды, жашыл аймактарды жашылдандыра албайбыз. Суу арыктан агып тургандай иштерди жүргүзгүлө. Бул маселеге кайдыгер кароого болбойт. Шаарды гүлдөтөлү. Жашыл шаарга айландыралы", - деди калаа башчы.

Пикир

Оставить комментарий