• 87.25
  • 89.39
  • 0.86

Ата мекендик өндүрүш. Фармацевтикалык завод медициналык этил спиртин чыгара баштады

Коом 0

Бишкек, 10.12.24. /Кабар/. Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев бүгүн, 10-декабрда жакында эле мамлекеттик менчикке өткөн Бишкек шаарындагы ЖЧК «Айданфарма» фармацевтикалык заводунда барып, 95% концентрациядагы медициналык этил спиртин чыгарууну ишке киргизүү менен таанышты.

Министрликтин маалыматына ылайык, жаңы продукт өлкө боюнча саламаттыкты сактоо уюмдарынын муктаждыктары үчүн колдонулат.

«Дары-дармек рыногунун 90%дан ашыгын импорттук продукция ээлеген Кыргызстан үчүн дары-дармектерди жана медициналык буюмдарды өз алдынча өндүрүүнү өнүктүрүү маанилүү», - деди министр.

Бейшеналиев ошондой эле ички рыноктун керектөөлөрүн канааттандыруу үчүн заводду модернизациялоонун, продукциянын ассортиментин кеңейтүүнүн жана өндүрүш көлөмүн көбөйтүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.

Ал эми, заводдун директору Өмүрбек Асанов учурда дары-дармек жана медициналык техника департаментине 120 түрдөгү таблетка жана капсулалар, 20 түрдөгү майлар жана 10 түрдөгү сироп жана суспензиялар каттоого берилгенин, бул продукциянын линиясын кыйла кеңейтээрин белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий