• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

Ата мекендик спортчулар бокс боюнча Азия чемпионатында 4 коло медаль жеңди

Спорт 0

Бишкек, 12.11.22. /Кабар/. Ата мекендик спортчулар бокс боюнча Азия чемпионатында 4 коло медаль жеңишти. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.

Бокс боюнча Кыргызстандын улуттук курама командасынын мүчөлөрү Санжар Сейдакматов (54 кг), Нурадин Рустамбек уулу (71 кг), Өмүрбек Бекжигит уулу (80 кг), Эркинбек Адылбек уулу (86 кг) бокс боюнча Азия чемпионатында 4 коло медаль жеңишти.

Мелдеш 30-октябрдан 13-ноябрга чейин Амман (Иордания) шаарында өттү.

Спортчулар курама команданын улук машыктыруучусу Данияр Төлөгөн уулу жана башкы машыктыруучусу Улан Сагыналиевдин жетекчилиги алдында чемпионатка катышты.

Пикир

Оставить комментарий