Бишкек, 18.12.22./Кабар/. Бишкектеги Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук драма театрында Кыргыз ССРинин искусствосунун эмгек сиңирген ишмери, жазуучу-драматург, кыргыз театр искусствосунун көрүнүктүү режиссёру Жалил Абдыкадыровдун чыгармачылыгынын 90 жылдыгына арналган салтанатуу иш-чара болуп өттү. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.
Иш-чарага маданият министринин орун басары Самат Шатманов, Кыргыз эл жазуучусу, драматург Жаныш Кулмамбетов жана бир катар маданият ишмерлери, Жалил Абдыкадыровдун жубайы жана жакындары катышты.
Самат Шатманов Жалил Абдыкадыровдун кыргыз маданиятына кошкон зор эмгегин баса белгиледи.
“Легендарлуу режиссёрубуз Жалил Абдыкадыров агабыз өзүнүн таланты менен жалаң гана кыргыз журтчулугуна эмес, дүйнөлүк искусство майданында жеңиш алып келген даңазалуу чыгармачылыгы жана коомдук ишмердиги тарыхта жазылып, бүгүнкү күндө кийинки муунга сабак болуп тургандыгын тана албайбыз", - деди ал.
Ал эми Кыргыз эл артисти Жаныш Кулмамбетов Жалил Абдыкадыров өзгөчө таланттуу инсан болгондугун айтып, “Жалил Абдыкадыров агабыз театр маданиятын жакшы түшүнгөн, бардык ишке көзү жетип, спектаклдин келечегин көрө билген адам эле. Биз аны режиссер- педагог деп койчубуз. Ал жалаң гана өзүнүн режиссердук ишин, чыгармачылыгын билбестен, ошондой эле театрды өстүрүүгө чоң салым кошкон. Андан сырткары актерлордун талантын ачууда дагы салымы чоң. Бул өзү көп кырдуу, кыргыздар айткандай “эр жигитке жетимиш өнөр аздык кылат” дегендей мыкты адам эле”, – деп эскерди.
Белгилүү болгондой, жазуучу, котормочу жана режиссёр Жалил Абдыкадыров 1932-жылы 15-январда Ысык-Көл облусуна караштуу Жети-Өгүз районундагы Чырак айылында туулган. 1946-1949-жылдары Караколдогу педагогикалык окуу жайында окуп, Ташкенттеги А.Н.Островский атындагы Мамлекеттик театралдык институтунун режиссёрдук факультетин аяктаган.
Эмгек жолун 1954-1961-жылдары Караколдогу Ысык-Көл драма театрында башкы режиссёр, 1961-1962-жылдар аралыгында режиссёр-коюучу, 1962-1966-жылдары Фрунзеде Кыргыз мамлекеттик драма театрында башкы режиссёр, 1966-1967-жылдары Москвада Академиялык кичи театрында режиссёр-дасыгуучу, 1967-1973-жылдары кайрадан Кыргыз мамлекеттик драма театрында башкы режиссёр, 1973–1976-жылдар аралыгында Телекөрсөтүү жана радиоуктуруу боюнча мамлекеттик комитетинин адабий-драмалык редакциясынын башкы редактору, 1977–1979-жылдары Нарын музыкалык-драма театрында режиссёр-коюучу, 1980-жылдан Б.Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик искусство институтунун доценти, ошол эле мезгилде Кыргыз мамлекеттик драма театрынын режиссёр-коюучусу, 1982-1984-жылдары Кыргыз мамлекеттик драма театрынын башкы режиссёру болуп иштеген.
"Олжобай менен Кишимжан", "Толкун", "Ырдуу күйөө, чырдуу кыз", "Жүрөгүм менин тоолордо"
Бексултан Жакиевдин “Атанын тагдыры”, Чыңгыз Айтматовдун “Бетме-бет”, “Жамийла”, Н. Хикметтин “Унутулган адам” У. Шекспирдин “Корольлир” А. Токомбаевдин “Өлбөстүн үрөнү” Т. Абдумомуновдун “Сүйүү жана үмүт”, Ж. Садыковдун “Манастын уулу Семетей”ж.б. бир катар спектаклдерди коюп, кыргыз маданиятына зор эмгеги сиңген.
1964-жылы кыргыз театралдык искусствосун өнүктүрүү тармагындагы эмгеги үчүн "Кыргыз ССРинин искусствосуна эмгек сиңирген ишмер" ардактуу наамы берилген. Ал эми 1986-жылы Ж.Садыковдун "Манастын уулу Семетей" спектаклин койгондугу үчүн Кыргыз ССРинин Мамлекеттик Токтогул атындагы сыйлыгына татыктуу болгон.
Ошондой эле "Каарман эмгеги үчүн" медалы менен сыйланып, 1982-жылдан Кыргыз Жазуучулар союзунун мүчөсү болгон.
Пикир
Оставить комментарий