• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Атамбаев: Мен өлкөнүн ички иштерине кийлигишпөөнү сураганым үчүн чек арадагы тосмо орноду

Президент 0

Бишкек, 15.11.17. /Салтанат Абдраева - Кабар/. Атамбаев өлкөнүн ички иштерине кийлигишпөөнү сураганы үчүн чек арадагы тосмо орноду. Бул тууралуу президент Алмазбек Атамбаев туруктуу өнүктүрүү боюнча Улуттук кеңештин VI жыйынында билдирди.

“Биз чоң үмүт менен ЕАЭБге кошулганбыз. Бул туура чечим болгон. Атамбаев ЕАЭБдин кыйрашын каалап жатат деген маалыматтарды күн сайын россиялык жана казак порталдарынан окуп жатам. Биз эч качан анын кыйрашын каалабайбыз жана каалаган дагы эмесбиз. Бирок чындык ушунда, Казакстан президентинин орунсуз каалоосунан улам бир айдан ашуун убакыттан бери Кыргызстандын башка өлкөлөр менен байланышы үзүлдү. Ошондо ким ЕАЭБди бузуп жатат? Кыргызстандын президенти өлкөнүн ички ишине кийлигишпөөнү сурангандыгы үчүн чек арадагы тосмо орноду”,-деди Атамбаев.

Пикир

Оставить комментарий