• 88.68
  • 95
  • 0.95

Военно-Антоновка айылында айдоочу эки жөө жүргүнчүнү өлтүрө сүздү

Кырсык 0

Бишкек, 15.11.17. /Айжамал Дуйшоева - Кабар/. Чүй облусунун Военно-Антоновка айылында “Мерседес” унаасынын айдоочусу эки жөө жүргүнчүнү өлтүрө сүзгөн. Бул тууралуу КР ИИМнин патрулдук милициясынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, жол кырсыгы бүгүн болжол менен саат 01:30 катталган.

“23 жаштагы Бишкектин тургуну “Мерседес-Бенц” үлгүсүндөгү унааны башкарып бара жатып, эки жөө жүргүнчүнү сүзүп кеткен. Натыйжада 29 жана 28 жаштагы Нарындын тургундары окуя болгон жерден каза болушкан”,-деп айтылат маалыматта.

Учурда иликтөө амалдары журүүдө, бир катар экспертиза дайындалды.

Пикир

Оставить комментарий