• 87.45
  • 90.16
  • 0.85

Министр Азамат Жаманкулов Күрөш федерациясынын өкүлдөрү менен жолугушту

Спорт 0

Бишкек, 10.12.21. /Кабар/. Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Азамат Жаманкулов Кыргыз Республикасынын Күрөш федерациясынын өкүлдөрү менен жыйын өткөрдү.

Ведомствонун басма сөз кызматы билдиргендей, жыйынга Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик департаменттин директору Канат Шабданбаев, спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча Дирекциясынын директору Нурлан Исмаилов, Күрөш федерациясынын президенти Мелис Турганбаев, машыктыруучулар, федерация мүчөлөрү жана Спорттук реабилитациялык борбордун башкы дарыгеринин орун басары Бактыгуль Алишева катышты.

Жолугушуунун жүрүшүндө Мелис Турганбаев федерациянын жалпы жамааты менен тааныштырып, федерациянын 2022-жылга коюлган иш-планы менен тааныштырды. Ошондой эле федерациянын чечилбей келген бир катар маселелери талкууланып, аны чечүү макулдашылды.

Министр Азамат Жаманкулов күрөш тармагы Кыргызстан сыймыктана ала турган ийгиликтерге жеткени жалпы элди кубантып жатканын баса белгилеп, мындай жетишкендиктер мындан ары уланышы керек деп кошумчалады.

Ошондой эле министр жыйында айтылган маселелердин үстүнөн биргеликте иш алып барууга, мындан ары тиешелүү чечимдерди кабыл алуу үчүн федерация менен байма-бай жолугуп турууга убада берди.

Пикир

Оставить комментарий