• 88.39
  • 94.96
  • 0.97

Бишкекте самбо боюнча эл аралык турнир өтөт

Спорт 0

Бишкек, 28.01.19. /Кабар/. Бишкектеги Каба уулу Кожомкул атындагы спорт сарайында 8-9-февраль кундөрү Виталий Гордеевдин жаркын элесине арналган самбо боюнча эл аралык мелдеш өткөрүлөт.

Спорттук иш-чарага Кыргызстан, Казакстан, Тажикстан жана Өзбекстандан келген 300дөн ашык самбочулардын катышуусу күтүлүүдө.

Медалдардын 18 комплекти: 52 кг чейинки, 57 кг чейинки, 62 кг чейинки, 68 кг чейинки, 74 кг чейинки, 82 кг чейинки, 90 кг чейинки, 100 кг чейинки жана 100 кг өйдө салмак категорияларында ойнотулат.

Пикир

Оставить комментарий