• 87
  • 90.41
  • 0.84

Азербайжандын президенти Ильхам Алиев Кыргызстанга келди

Саясат 0

Бишкек, 05.11.24. /Кабар/. Азербайжан президенти Ильхам Алиев Кыргызстанга келди.

Азербайжандын президентин “Манас” эл аралык аэропортунан министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров тосуп алды.

Белгилей кетсек, Ильхам Алиев Кыргызстанга ушул жылдын 6-ноябрында Бишкек шаарында өтө турган Түрк мамлекеттер уюмунун (ТМУ) кезектеги он биринчи Саммитине катышуу үчүн келди.

Саммиттин ишине Уюмга мүчө беш мамлекеттин – Азербайжан Республикасынын, Казакстан Республикасынын, Кыргыз Республикасынын, Түркия Республикасынын жана Өзбекстан Республикасынын лидерлери, ошондой эле Уюмдун байкоочу өлкөлөрүнүн башчылары катышат.

Пикир

Оставить комментарий