• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Ажылык 2023. Кыргызстандык зыяратчыларды кувейттик авиакомпания тейлейт

Коом 0

Бишкек, 22.02.23. /Кабар/. Кыргызстандык зыяратчыларды Jazeera Airways авиакомпаниясы тейлет, деп билдирди Кыргызстандын мусулмандар дин башкармалыгынан.

Муфтияттын маалыматына ылайык, буга чейин жарыяланган сынакта кувейттик Jazeera Airways компаниясы жеңишке жеткен.

"Тандоого КМДБнын башчысынын орун басары жана ажылыкка даярдоо боюнча штабдын башчысы Самидин Атабаев, жарандык авиациянын төрагалары жана штабдын жетекчилери катышты", — деп айтылат маалыматта.

Эске салсак, быйыл Кыргызстанга биринчи жолу 6 миң квота бөлүнгөн.

Пикир

Оставить комментарий