• 87.3
  • 94.96
  • 0.98

Бишкектеги үч адамдын өлүмү. Шектүү УКМКнын күзөт кызматында иштеген

Коом 0

Бишкек, 17.02.23. /Кабар/. Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети 16-февралдагы үч адамды өлтүрүүгө шектелген адам мурда УКМКда кызмат өтөгөн деген маалыматка комментарий берди.

"Үч адамдын өлүмүнө шектүү катары кармалган 1986-жылы туулган А.Ч.К. 2006-жылы Мамлекеттик күзөт кызматына жумушка алынып, 2021-жылга чейин кызмат өтөгөн.

Белгилүү болгондой, Мамлекеттик күзөт кызматы 2010-жылдан кийин жоюлуп, түзүмдүк бөлүм катары УКМКга киргизилген. 2021-жылы А.Ч.К. пенсияга эмгек стажына байланыштуу УКМКнын 9-кызматынан бошотулган", - деп айтылат маалыматта.

Эскерте кетсек,16-февраль күнү түндө Бишкектеги батирлердин биринен апасы, кызы жана уулунун сөөгү табылган. Милиция кызматкерлери кылмышка шектүү катары 1986-жылы туулган А.Ч.К. аттуу жаранды кармашкан.

Пикир

Оставить комментарий