• 88.34
  • 95.27
  • 0.96

Нарындын кар көчкү түшкөн айрым жолдору каттам үчүн ачылды

Аймак 0

Бишкек, 17.02.23. /Кабар/. Нарын облусундагы кар көчкү түшкөн айрым жолдору каттам үчүн ачылды. Бул тууралуу “Кыргызавтожол” мамлекеттик ишканасынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 17-февраль күнү түшкү саат 13:00дөр чамасында облустагы Казарман - Актал-Чат унаа жолунун Ак-Союл бөлүгү жана Бишкек - Нарын - Торугарт унаа жолунун Кызыл-Бел ашуусу каттам үчүн ачылды.

Аталган бөлүктөрдө кар көчкүлөр түшүп, жол тазаланган.

Эскерте кетсек, Бишкек - Нарын - Торугарт унаа жолунун беш тилкесинде болжол менен 10 миң куб метр кар көчкү түшкөн. Жол жабылгандыгына жана кар көчкү түшүү коркунучу сакталгандыгына байланыштуу 17-февралдан тартып Нарын облусунун аймагына өзгөчө кырдаал режими киргизилди.

Пикир

Оставить комментарий