• 88.68
  • 95
  • 0.95

Кыргызстан кесиптик бирикмелер тууралуу жаңы мыйзам үчүн ВСП+ макамынан ажырашы мүмкүн - Бабаева

Коом 0

Бишкек, 06.11.20. /Кабар/. Бүгүн “Кабар” агенттигинде Кыргызстандын кесиптик бирикмелер федерациясынын өкүлдөрү Жогорку Кеңеште каралып жаткан “Кыргызстандын кесиптик бирикмелери тууралуу” мыйзам долбоору боюнча маалымат жыйын өткөрдү.

Аталган федерациянын төрайымынын милдетин аткаруучу Рысгүл Бабаева айтымында, алар бул мыйзам долбоорунун учурда сунушталып жаткан редакциясында кабыл алынбашы үчүн 2 жылдан бери күрөшүп келе жатышат.

Ал белгилегендей, аталган мыйзам долбоору былтыр 12-апрелде коомдук талкууга алынып чыгып, кийинчерээк биринчи окудан өткөн. Ал эми кечээ, 5-ноябрь күнү Жогорку Кеңештин кезексиз жыйынында ал мыйзам долбоору экинчи окуудан өттү. Бирок башында ал мыйзам долбоору жыйындан күн тартибинде болгон эмес.

“Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында ал мыйзам долбоору регламентти бузуу жана кесиптик уюмдардын сунуштары эске алынбастан экинчи окуудан өткөрүлдү. Биз ал жакка чакырылган жокпуз. Биз кандай мыйзам долбоору өткөнүн билбейбиз. Биз ал мыйзам боюнча 2 жылдан бери күрөшүп келе жатабыз. Бизде да чечилбей келе жаткан маселелер бар экенин билебиз. Бирок ал мыйзам долбоору КР Конституциясына, Эмгек кодексине, Эл аралык эмгек уюмунун конвенцияларына каршы келерин унутпашыбыз керек. Мыйзам долбоору иштелип чыгып жатканда ал мыйзамды аткара турган кесиптик уюм, мекеме, министрлик менен кеңеш өткөрүү керек”, - деди ал.

Ал билдиргендей, алар мыйзам долбоорунун айрым бөлүмдөрү туура болбой жатат, бирге иштейли деген сунуш бергени менен алардын айткандары кулак сыртында калууда. Алар бул маселе боюнча кечээ күнү Жогорку Кеңештин төрагасына кайрылуу жөнөтүшкөн.

Бабаева белгилегендей, аталган мыйзам долбоору боюнча БУУ үч ирет вербалдык нота жөнөткөн.

“Андан тышкары “Кыргызстандын кесиптик бирикмелери тууралуу” мыйзамды аталган редакцияда кабыл алынса Кыргызстан Жалпы жеңилдиктер тутуму + (ВСП+) макамынан ажырайт. ВСП+ макамы Европа биримдигине товарларды бажы төлөмү жок ташууга укук берет. ВСП+ макамын берүүдө бир шарт бар: Кыргызстан 27 конвенция боюнча милдеттерин аткарышы керек”, - деди ал.

“Жалал-Абад” кесиптик уюмунун төрагасы Жумалы Апиевдин айтымында, бул мыйзам долбоорун Жогорку Кеңештин депутаты Гүлкан Молдобаева түртүп жатат. Ал Кыргызстандын кесиптик бирикмелер федерациясынын мурдагы төрагасы Мирбек Асанакуновдун жубайы.

Ал билдиргендей, Асанакунов төрагалыкка алдамчылык жолу менен шайланып келген. Аталган федерациянын төрагалыгына шайланыш үчүн талапкердин 5 жылдык тажрыйбасы болуш керек. Бирок Асанакуновдун 5 жылдык тажрыйбасы болгон эмес.

“Ал 2020-жылдын 5-февралында ээлеген кызматынан бошотулган. Себеби Мирбек Асанакуновдо төрага болуп шайланып жатканда 5 жылдык тажрыйбасы болгон эмес. Азыркы мыйзам долбоорунда ал пункт алып салынды (учурда 3 жылдык тажрыйбасы бар адам төрагалыкка шайлана алат деп сунушталууда - ред.)”, - деди ал.

Апиевдин айтымында, 4-декабрда федерациянын чогулушу өтүп, ал жактан жаңы төрага шайланат. Эгер аталып жаткан мыйзам долбоору 4-декабрга чейин үчүнчү окуудан өткөрүлүп калса, Асанакунов өзүнүн талапкерлигин коюуга мүмкүнчүлүк жаралат.

Пикир

Оставить комментарий