Бишкек, 10.10.17. /Тумара Туратбекова – Кабар/. 2018-жылдагы Азия чемпионатына тандоо оюндарынын алкагында Кыргызстандын жаштар курама командасы (U-19) даярдыкты баштады. Бул тууралуу футбол федерациясынан кабарлашты.
Федерациядан маалымдашкандай, Николай Южаниндин жетекчилиги астында машыктыруу иштери тандоо оюндарынын башталышына чейин уланат.
Эске сала кетсек, тандоо туру 31-октябрдан 8-ноябрга чейин Бишкек шаарында өтөт. Чучукулактын жыйынтыгы боюнча өлкөнүн курамасы “А” тайпасындагы курамалар менен беттешет: Бахрейн, БАЭ, Непал жана Оман.
Пикир
Оставить комментарий