• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

Кыргызстандык 6 боксчу Азия чемпионатында күч сынашат

Спорт 0

Бишкек, 18.05.21. /Кабар/. Бокс боюнча Кыргызстандын курама командасынын спортчулары БАЭде өтө турган Азия чемпионатына катышат. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктен билдиришти.

Мелдеш 21-майдан 1-июнга чейин Дубай шаарында өтөт.

Чемпионатка төмөнкү спортчулар катышат:

1. Мирлан Туркбай уулу, 49 кг;
2. Азат Үсөналиев, 52 кг;
3. Акылбек Эсенбек уулу, 57 кг;
4. Нурадин Рустамбек уулу, 69 кг;
5. Өмүрбек Бекжигит уулу, 75 кг;
6. Эркин Адылбек уулу, 81 кг.

Пикир

Оставить комментарий