• 88.15
  • 95.79
  • 0.98

Өз ишинде ийгилик жараткандар ЖК Ардак грамотасын жана Төраганын кол саатын алышты

Коом 0

Бишкек,10.10.17./Кабар/. КРнын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Чыныбай Турсунбеков билим берүү, саламаттыкты сактоо, маданият, искусство, айыл чарба, экология, курулуш, миграция тармактарында, андан тышкары, мамлекеттик жана муниципиалдык кызматтарда ийгилик жараткан бир катар инсандарга Жогорку Кеңештин Ардак грамотасын жана Төраганын кол саатын тапшырды. Бул тууралуу ЖКнын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Билдирүүгө ылайык, өлкөнүн өнүгүшүнө ар бир кыргызстандыктын ролу жогору экенин белгилеген Төрага ЧыныбайТурсунбеков, сыйлык ээлерине көп жылдык жоопкерчиликтүү адискөй ишмердүүлүгү үчүн ыраазычылык билдирди.

“Ар бирибиз мамлекетибиздин өркүндөп-өсүшү үчүн кам көрүшүбүз керек. Алсак, Жогорку Кеңеш керектүү мыйзамдарды кабыл алып, анын аткарылышын көзөмөлдөө аркылуу Кыргызстандын туруктуу өнүгүшүнө өз салымын кошуп келет”, – деди Чыныбай Турсунбеков.

Ошондой эле алдыдагы мамлекеттик маанилүү окуяларга токтолгон Төрага, өлкөдөгү бийликтин тынч алмашуусу үчүн акыйкат жана ачык шайлоо өткөрүүнүн маанилүүлүгүн белгилеп: “Өнөктүктүн таза өтүшү дүйнө коомчулугунун алдында Кыргызстандын кадыр-баркын бекемдейт”, – деди.

Кошумчалай кетсек, Жогорку Кеңештин Ардак грамотасы Ош, Жалал-Абад, Нарын, Талас облустарынын, андан тышкары, Бишкек, Ош шаарларынын билим берүү мекемелеринде эмгектенген алдыңкы агартуучуларга берилди. Ошондой эле мындай сыйлыктарга саламаттыкты сактоо, маданият, искусство, айыл чарба, экология, курулуш, миграция тармактары менен мамлекеттик жана муниципиалдык кызматтарда ийгилик жараткан бир катар инсандар татыды.

Пикир

Оставить комментарий