• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Чек ара кызматы: Самаркандек айылында белгисиз адамдар автоунаага таш ыргытты деген маалымат жалган

Коом 0

Бишкек, 17.12.21. /Кабар/. 2021-жылдын 16-декабрында Самаркандек айылында Баткен – Лейлек унаа жолунда белгисиз адамдар тарабынан автоунаага таш ыргытылды деген маалымат (аудио) чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу КР Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин Чек ара кызматынын маалымат кызматы билдирет.

КР УКМКнын Чек ара кызматы аталган аудио жазууну текшерген. Ошондой эле Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара кызматынын өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрүлүп, чек ара аймагында жашагандар менен тиешелүү иштер жүргүзүлгөн. Натыйжада аталган маалымат тастыкталган эмес. Андан тышкары, аталган жол тилкесинде жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандарынан кайрылуулар болгон эмес.

"Чыр-чатакты болтурбоо максатында кечээ, 16-декабрда, эки өлкөнүн чек ара өкүлдөрүнүн жолугушуусунун натыйжасында Эки-Таш аймагындагы Баткен – Лейлек автожолунун боюнда тараптардын чек ара күзөттөрү коюлду", - деп айтылат маалыматта.

2021-жылдын 17-декабрына карата мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик чек арасындагы абал туруктуу деп мүнөздөлүүдө.

КР УКМКнын Чек ара кызматы жарандарды такталбаган маалыматтарды таратпоого, кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасындагы кырдаалды курчутпоого жана маалымат же билдирүүлөрдү тиешелүү органдардан тактоого чакырат.

Пикир

Оставить комментарий