Бишкек, 18.02.20. /Кабар/. Грек-рим күрөшүнүн балбаны (60 кг) Жоламан Шаршенбеков Индияда өтүп жаткан Азия биринчилигинин финалына чыгып, алтын үчүн күрөшөт.
Кыргызстандык балбан жарым финалда ирандык спортчу менен күрөшүп, аны 9:2 эсебинде уткан.
Алтын үчүн күрөштө ал япониялык Кэнъитиро Фумита менен күч сынашат.
Андан тышкары эки балбан коло үчүн күрөшкө түшөт: 72 килограмм салмакта Руслан Царев жана 97 килограмм салмакта Бексултан Махмудов.
Эскертке кетсек, Нью-Делиде (Индия) өтүп жаткан күрөш боюнча Азия биринчилиги 18-23-февраль күнү болуп өтөт.
Учурда Кыргызстанды эсебинде 1 күмүш, 2 коло медаль бар.
Пикир
Оставить комментарий