• 88.33
  • 95.66
  • 0.97

Дүйнө чемпионаты: Эрназар Акматалиев чейрек финалга чыкты

Спорт 0

Бишкек, 04.10.21. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Кыргызстандык спортчу Эрназар Акматалиев эркин күрөш боюнча Дүйнө чемпионатынын чейрек финалына чыкты. Бул тууралуу United World Wrestling уюмунун сайтында айтылат.

Акматалиев 70 кг салмакта чемпионаттын тандап алуу баскычынан баштап катышууда. Анын алгачкы атаандашы шри-ланкалык Каруна Пели болуп, мекендешибиз 10:0 эсебинде аны жеңип алды.

Мелдештин 1/8 финалында Акматалиев армениялык Арман Андреасян менен килем үстүнө чыгып, аны 11:2 эсебинде артта калтырды.

Аталган Дүйнө чемпионатында Айсулуу Тыныбекова да чейрек финалга чыккан.

Эскерте кетсек, спорттук күрөш боюнча Дүйнө чемпионаты 2-10-октябрда Норвегиянын Осло шаарында өтүүдө. Ага Кыргызстандын атынан 15 балбан аттанган.

Пикир

Оставить комментарий