• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Азия чемпионаты-2024: Бүгүн кыргызстандык 5 балбан килем үстүнө чыгат

Спорт 0

Бишкек, 12.04.24. /Кабар/. "Бишкек-Арена" шаардык муз аянтчасында чоңдор арасында күрөш боюнча (эркин, грек-рим жана кыз-келиндер күрөшү) Азия чемпионаты уланууда.

Дене тарбия жана спорт департаментинен маалымдашкандай, бүгүн мелдештин экинчи күнүндө эркин күрөш боюнча эркектер арасында 5 медаль топтому ойнотулуп, кыргызстандык 5 балбан килем үстүнө чыгат. Алар:

- Тайырбек Жумашбек уулу (61 кг);
- Канат Керимбеков (74 кг);
- Атай Изабеков (86 кг)
- Нуртилек Карыпбаев (92 кг);
- Айаал Лазарев (125 кг).

Беттештер саат 11:00 дө башталат.

Пикир

Оставить комментарий